20-24-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында орус кино жумалыгы өтөт

20-июлдан 24-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында орус киносунун жумалыгы өтөт. Бул тууралуу кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кино жумалыктын ачылышы Чолпон-Ата шаарындагы "Чолпон" кинотеатрында болуп, биринчи күнү Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасына тартылган фильм көрсөтүлөт. Ал эми кийинки күндөрү 5 жаңы орус тасмалары көрөрмандарга сунушталат.

Мындан тышкары кино жумалыкка келгендер үчүн орусиялык белгилүү актрисалар Наталья Аринбасарова, Людмила Чурсина, Елена Кондулайнен, актёр Сергей Пускепалис жана башкалар менен жолугушуу уюштурулат.
Бул иш-чара орусиялык "ЭЛС продюсердик борбору" жана Ысык-Көл облустук кинодирекциясы, Чолпон-Ата шаардык мэриясы жана "Assol" коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан