Бүгүн, 14-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин 3-орун үчүн беттеши орун алат. Оюн Бишкек убактысы менен 20:00дө башталат.
Белгилүү болгондой, беттеш Бельгия жана Англия курама командаларынын ортосунда жүрөт. Жарым финалда Белгия командасы Франциядан жеңилүү ызасын көрсө, Англия хорваттарга финалдык жолдомону алдырып жиберген.
Эң кызыгы, 3-орун үчүн беттеш кайталанма беттеш болмокчу. Себеби Бельгия жана Англия командалары тайпалык баскычта бет келип, оюн Белгиянын 1:0 эсебинде жеңиши менен аяктаган.
Кез келүү Санкт-Петербург шаарындагы "Санкт-Петербург" стадионунда өтөт. Бүгүнкү оюнду миллиондогон күйөрмандар күтүп жатканы белгилүү. Социалдык тармакта аталган шаардагы соода түйүндөрүнүн биринде жашылча жемиштерден эки өлкөнүн желегин эске салган сүрөттөр жайылган.