XXI кылымдын эң мыкты комедиялары аныкталды

Америкалык "Rolling Stone" журналы XXI кылымдын эң мыкты делген 50 комедиясын аныктады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, эң мыкты 50 комедиянын сап башында "Шоунун жеңүүчүлөрү" кинокомедиясы орун алса, экинчи орунда "Кайырмакта", үчүнчү орунда "Вегаста өткөн кыздардын кечеси" тасмасы жайгашкан.

Ошондой эле алдыңкы ондукка "Идиократия", "Тони Эрдманн", "Кырк жаштагы бойдок", "Кадр артындагы жашоо", "Аты Шон деген зомби", "Буттан чалындырган сүйүү" деген комедиялар кирген. Ал эми тизменин акыркы саптарынан "Фантастикалык мистер Фокс", "Америкалык психопат", "Сөздөр жетишет" аталышындагы фильмдер орун алган.

Белгилей кетсек, бир жыл мурун киносынчылар 35 тасманы эң мыкты комедия деп тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tursunbaev78
2018-07-15 02:29:56
автор:экинчи орунду алган (Петля) деген комедия(Кайырмакта) болуп которулабы?(Илмек)болуп которулбайбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан