Жастин Бибер сүйүктүүсүнө 140 миң долларлык бриллиант саат тартуулады

Жакында эле сүйүктүүсүнө баш кошуу тууралуу сунуш жасаган америкалык ырчы Жастин Бибер болочок жарына кымбат баалуу белектерди тартуулап, аны кубантууну улантууда. Ал сүйүктүүсү Хэйли Болдуинге баасы 140 миң долларлык бриллиант саат белек кылды. Мындай маалыматты чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.

Ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасынын "Stories" бөлүмүнө окшош бриллиант сааттардын сүрөтүн жүктөгөн. Ошондой эле ал сааттарды атайын буюртма менен жасатканын билдирген. Бир сааттын баасы 140 миң долларды (9 миллион 563 миң 717 сом) чапчыйт.

Баса, бул сааттардын наркы Хэйли Болдуиндин колундагы шакегинин жанында арзан эле болуп калат. Анткени Жастин Бибер буга чейин сүйүктүүсүнө бриллиант көздүү шакек тартуулаган. Шакектин баасы 500 миң доллар (34 миллион 156 миң 134 сом) экендиги айтылган.

Эске салсак, Жастин Бибер Багам аралында эс алып жүргөндө модель, алып баруучу Хэйли Болдуинге шакек тагып, баш кошуу сунушун жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Edil2991
2018-07-14 16:42:00
Эшегинен жабуусу кымбат болуптур,колун кесип кетиш керек экен))))
+11
Ajara_13
2018-07-14 22:02:45
Edil2991,☺)))
+1
monster_high_98
2018-07-15 10:08:20
Edil2991,Хейли бир караганда жакшынакай эле экен,просто чачын жыйып алганга ушундай корунуп калыптыр
+1
Mani.kg.
2018-07-14 17:04:57
140 миң долларлык саат деле,300сомдук саат деле бир убакытты көргөзөт)
+19
bond02
2018-07-14 17:36:36
Mani.kg.,анан ким айтты эки башка корсотот деп, кеп акчада болуп жатса бул жерде.
+5
NURTILEK_KG
2018-07-14 18:13:37
100 сомдук саатка окшош экен
+12
Daniel01
2018-07-14 19:06:37
Асель угуп Нурландын мээсин жей баштаса керек эми))))
+21
aminausman
2018-07-14 19:16:00
Мага20000доллар берсе там алмакмын,5 бала менен квартиралап тажадым.
+13
Zarema94
2018-07-14 19:19:15
aminausman,азыр көпчүлүгүбүздө ушундай проблема болсо керек. Мен да шыр эле сизге окшоп ойлондум эле
+9
Shokoladka94
2018-07-14 19:26:42
aminausman, оюбуз окшош экен
+7
aibars
2018-07-14 19:37:55
aminausman, Буйруса эн негизкиси 5 баланыз ыймандуу, куйумдуу, акылдуу болуп чоноюшсун оомин. Анан Буйруса сизге ар бири бирден там алып берип коюшат.
+10
aminausman
2018-07-14 19:48:02
aibars,оомийн. Кудайга шугур эн негизгиси алты саныбыз аман,он эки мучобуз тугол,ден соолугубуз чын.
+9
aminausman
2018-07-14 19:18:20
Биберге жазсамбыыы?
+3
aminausman
2018-07-14 19:22:14
Кантип табышат акчаны,белеги эле ушунчаны чапчыса. Мындай акча тушумо да кире элек.
+3
aibars
2018-07-14 19:41:42
aminausman, Бир эле альбому бир нече миллион $ га сатылат. Анан концерттери, жеке чакыруулар, реклама кылганы. 150,000$ бул эч нерсе эмес булар учун.
+3
Nur96fat0000
2018-07-14 22:29:01
Мен дагы сразу уй алганды ойлодум эле, 20мин долларга. Россияда тентип журуп жададым
+6
nazi25
2018-07-14 23:00:17
Nur96fat0000,мага окшогондор көп экенбиз))
+2
BoDiNur
2018-07-14 23:38:42
Мен дагы сразу жок дегенде 2эле миллион сомум болгондо квартира алмакмын деп ойлодум
+3
DASTAN92
2018-07-15 02:24:38
Кээ бир адамдар ото бай бирок аларда акчадан башка эч нерсе .
+1
Ayida
2018-07-15 04:05:23
Ооруп калсан бир заматта миллион акчан болсода эч нерсе болбой калат.Жан Жан Жан керек болуп калат балдарын коз алдында турат эмне болот олсом деп каласын.Байлык бербедиби Аллах анда ден соолугун чынбы шугур деп иште.Аллах ар кимди ар турлуу сынаган.Мисалы бирооно акча байлык берген ден соолук жок.Дагы бири бай зекет берет.Бироо кедей бирок шугур кылбайт озунчо кыйын колунан балее келбейт чон суйлойт.Дагы бири кедей бирок шугур кылат!
+1
Janna07
2018-07-15 19:24:13
100 сомдук саатта, 140 мин доллорлык саатта бир эле убакытты корсотот
0
Kunbeken
2018-07-16 13:48:05
сааат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан