"Бишкектеги муниципалдык балдар бакчасында 1 керебетте 3төн бала уктайт". Бул тууралуу 27-июнда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай Жусупбек уулу шаардык кеңештин кезектеги жыйынында билдирип, бул боюнча аткарылып жаткан иштерге кызыкты. Депутаттын айтымында, нормадан ашыкча көрсөтүлгөн тартип тууралуу ал өзүнүн баласын бала бакчага алып барарда билген. Шаар мэри Иса Өмүркулов бул тууралуу “Бишкектеги бала бакчаларда нормадан ашыкча тартип менен иштөө 2 эселенген”,- деп билдирди. Айтымында, бул маселе СССР таркаганда завод-фабрикалар менен катар бала бакчалар да тарап кеткенине байланыштуу.