2012-жылы 15-июль күнү түштүк кореялык ырчы PSY'дын "Гангнам стайл" ыры интернетке жүктөлүп, 5 айдын ичинде 600 миллион жолу көрүлгөн. Ал эми 3 миллион 600 миң жолу "жакты" белгиси коюлган.
Ушул эле жылдын 11-ноябрында "Гангнам стайл" Германиянын Франкфурт шаарында өткөн "MTV Europe Music Awards-2012" сыйлыгынын мыкты ыр" категориясында жеңүүчү аталган. Жеңүүчү ырдап жатканда америкалык рэпер MC Hammer 2-куплеттен баштап ырга кошулуп, PSY менен бирдей ритмде Гангнам стилинде бийлеген.
"Гангнам стайл" дегенде Сеулдун бай району Каннамгунун жыргал турмушун жана Түштүк Кореядагы коомдун эң жогорку катмарын, тактап айтканда, элитасын көз алдыга келтирүүгө болот. Аталган райондо жалаң ак сөөктөр, атактуу адамдар жана чет өлкөлүк байлар жашайт.
Ырчы түштүк кореялык ММКга берген маегинде Каннамгуну АКШдагы Беверли-Хиллзге салыштырарын айткан.
Ыр "кынтыксыз, качан жапайы жана качан адептүү болушту билген кызга" арналган. Ал эми клип Каннамгуда, Инчон жана Кёнгидо провинциаларында тартылган. Видеоклипте PSY күлкүлүү бийлейт.
PSY "Yonhap News" агенттигине берген маегинде бул ырды Кореядан башка өлкөлөр үчүн жаздырган эместигин айткан: "Бул видеоклип жергиликтүү күйөрмандар үчүн жаралган".
Бирок күйөрмандар социалдык тармактар аркылуу жигердүү бөлүшүп башташкан. Көп өтпөй интернет колдонуучулары бул ырга көңүл бура баштаган.
17-августта KBS 2TV телеканалында "Гангнам стайл" клиби кореялык "Music Bank" музыкалык программасынын жеңүүчүсү деп табылган. Дүйнөлүк медиа өкүлдөрү клипке августтун башында көңүл буруп башташкан.
4-августта "The Los Angeles Times" гезити "Gangnam Style" ыры "дүйнө жүзүн басып алды" жана ал "эч токтогус" деп жазган.
15-Сентябрда "Gangnam Style" K-pop жанрында iTunes чартында 1-орунду алган алгачкы ыр болуп калды.
Youtube сайтындагы популярдуулугу
"The Los Angeles Times" гезитинин жумушчусу Дебра Нетбёрн "Gangnam Style" клибин "Youtube сайтына жүктөлгөн эң мыкты видеолордун бири" деп атаган.
"The Globe" and "Mail'дин" кызматкери "Гангнам стайл" видеосун эки айдын ичинде 130 миллион адам көргөндүктөн "интернеттин тарыхындагы бешинчи вирус-видео" деп атаган.
Бул видеонун популярдуулугу өскөн сайын саясий жана ишкер лидерлер да "Gangnam Style" ырына бийлешкен.
Алардын катарында "Google" компаниясынын аткаруучу директору Эрик Шмидт, Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да бар.
Алардын айтымында, "Gangnam Style" ыры "Дүйнөнү сактоочу күч" болуп саналат.
БУУнун жаңылыктар кызматынын айтканы боюнча, PSY "Gangnam Style" ыры менен "Эл аралык сенсация болгонго жетишкен".
Бул үчүн аталган клип 2012-жылдын 20-сентябрында "Гиннесстин рекорддор китебине" "YouTube" сайтынын тарыхындагы эң көп "лайк" алган видео катарында жазылган.
PSY'дын бул ыры болжол менен 1,1 миллион доллардай киреше алып келген.
Түштүк кореялык ырчынын бул клиптеги бийин бийлеп флешмоб жасаган жаштар миңдеп саналган.
Аталган клиптен соң "гангнам" стилинде бийлеген атактуу шоу-бизнес өкүлдөрү да көбөйгөн. Мисалы, америкалык ырчы Бритни Спирс, актёр Хью Жекман, "Spise girls" тобунун мурдагы ырчысы Мел Би, Pitbull орус ырчыларынан Тимати жана башкалар бар. Ырчы Кети Перри да бул ыр менен "ооруп", бийине кызыгып жүргөнүн жашырган эмес.
2012-жылы 29-майда Орусиянын Хабаровск шаарындагы "Слава" аянтында өткөрүлгөн "Амур толкуну" эл аралык оркестрлер фестивалында аскердик оркестр PSY'дын "Gangnam Style" ырына бийлешкен.
Ал эми ырчы Съездбек Искеналиев болсо "Мына минтип" деген ырынын бир куплетин ушул стилге арнаган.
"Гангнам стайл" ыры дүйнө жүзүндө абдан популярдуулукка жетишип, аны айрым өлкөлөрдө тыюу салуу үчүн атайын белгиге түшүрүшкөн.
Сеулдун Гангнам районун алыска тааныткан "Гангнам стайл" ырына арналып Гангнам районунда эстелик тургузулган. Анын скульптурасы 400 миллион вонго бааланган.
Толук аты – Пак Чэ Сан
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Туулган жылы – 31-декабрь, 1977-жыл (40 жашта)
Чыгармачылык менен – 2001-жылдан бери эмгектенет
Кесиби – Рэп-ырчы, композитор, музыкалык продюсер
Жанры – Хип-хоп, K-pop
Каймана аты – PSY.
15-июлга карата жылнаама.