Жети-Өгүз: Митингчилер "15 күндөн кийин "Кумтөрдүн" ишин токтотобуз" дешүүдө
Жети-Өгүз районундагы митингчилер "Кумтөр" маселесин чечүүдө 3 ай күтпөй тургандыктарын айтышып, өкмөткө 15 күн мөөнөт берерин айтышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова кабарлады. Эгер талаптары 2 аптанын ичинде аткарылбаса, "Кумтөрдүн" ишин токтото тургандыктарын айтышты. Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов аларды "сентябрь айына чейин күткүлө, 10-сентябрда бул маселени чечебиз" десе митингдин лидерлери макул болбой жатышат.