Америкалык модель Кайли Женнерге күйөрмандары каражат топтоп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, модель жакында эле "Forbes" журналынын жүзү болгон. Анын байлыгы 900 миллион долларды түзүп миллионер айымдардын тизмегинен орун алган. Кайли Женнердин күйөрмандары модель тарыхтагы эң жаш миллиардер болуп, 23 жашында миллиардер аталган Марк Цукербергди басып өтүп, рекорд жаратуусу үчүн каражат топтой баштады.
Мындай демилгени социалдык тармактын жылдызы "семиз еврей" (The Fat Jew) ниги менен таанымал болгон Жон Островский көтөрүп чыккан.
Ал социалдык тармакта "GoFundMe" деген баракча ачып, мындай билдирүү жазган: "Кайли Женнер журналдын башкы бетине чыгыптыр. Бирок миллиардер болуу үчүн ага 100 миллион доллар жетпей калыптыр. Бул мени капа кылып жатат. Мен Кайли Женнер миллиардер болбогон жашоодо жашагым келбейт. Андыктан биз ага жардам берип, миллиардер кылышыбыз керек".
Жон Островскийдин бул демилгеси колдоо тапкан. Азырынча 10 доллар топтолгон деп жазылат маалыматта.