Түркиялык белгилүү ырчы, продюсер Таркан 46 жашында биринчи жолу ата болду. Ырчынын сүйүктүүсү Пынар Дилек Германиядагы төрөт үйлөрдүн биринде көз жарган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, музыкант социалдык тармактагы жеке баракчасына ымыркайдын сүрөтүн жүктөп, "12-июлда кыздуу болдум. Кызыбыз биздин жашообузга жарык нур чачты. Азыркы сезимдерибизди сөз менен айтып жеткире албайбыз" деген билдирүү жазган. Түгөйлөр кызына Лия деген ысым ыйгарган.