ЖЫЛНААМА, 16-ИЮЛЬ: Лондонго кетүүнү эңсеп, бирок бир стакан аракка да канааттанып жашаган орусиялык ырчы Григорий Лепс 56 жашка чыкты

1962-жылы 16-июлда Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Григорий Лепс Сочиде төрөлгөн. Улуту - грузин.

Толук аты-жөнү Григорий Викторович Лепсверидзе.

2011-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.

Григорий Лепс "World Music Awards", "Песня года", "Золотой Граммофон" ж.б. сыйлыктарына арзыган.

2017-жылдын сентябрь айында "Жаңы толкун" фестивалынын алкагында Тимати менен "ТыЧегоТакойСерёзный" жана Ирина Аллегрова менен "Лебединая" деген эки ырын угармандарына сунуштаган.

Ушул эле жылдын 29-сентябрында iTunes'тин толкунунан Лепстин Максим Фадеев менен биргеликте аткарган "Орлы или вороны" аттуу ыры жаңырган.

16-ноябрда чыккан жаңы альбомуна кирген "Что ж ты натворила" деген ыры үчүн Григорий Лепске "Золотой Граммофон" ыйгарылган.

2018-жылы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен "Биринчи каналдын" Жаңы жылдык түнүндөгү эң популярдуу жана көптөн күткөн ырчы аталган. 2018-жылы февраль айында чыккан "Зае... рожи" аталышындагы акыркы альбомуна кирген ырлардагы сөгүнгөн сөздөрдүн көптүгү сынчылардын сынына туш болду.

Григорий Лепс 2012-жылы жарык көргөн "Лондон" аталышындагы ырында Лондонго кетүүнү эңсейт, бирок бүгүнкү күнгө чейин Орусияда жашаганына канааттанып келет.

16-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aikaaaa
2018-07-16 09:11:53
Мыкты ырчы. Баардык ырларын сүйүп угам
+3
Nariste...12
2018-07-16 13:22:21
Ырлары сонун!
+4
Nurela87
2018-07-16 18:18:12
Мен да бардык ырларын угуп келем.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан