Франция курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип, 38 миллион доллар акчалай сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Орусияда 14-июнь - 15-июль аралыгында өткөн футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин жалпы байге фонду 400 миллион долларды түздү. Анда алтын медалдарды тагынган Франция курамасы ФИФАдан 38 миллион доллар акчалай сыйлык алса, 2-орунду ээлеген Хорватия курама командасы 28 миллион долларга ээ болду.
Байге фонду төмөнкүдөй бөлүндү:
1-орун: Франция курама командасы - 38 миллион доллар;
2-орун: Хорватия курама командасы - 28 миллион доллар;
3-орун: Бельгия курама командасы - 24 миллион доллар;
4-орун: Англия курама командасы - 22 миллион доллар;
5-8-орундар: Уругвай, Бразилия, Орусия жана Швеция курама командалары - 16 миллион доллардан;
9-16-орундар: Колумбия, Испания, Швейцария, Япония, Дания, Мексика, Португалия жана Аргентина курама командалары - 12 миллион доллардан;
17-32-орундар: Иран, Сауд Арабия, Перу, Нигерия, Сербия, Түштүк Корея, Тунис, Сенегал, Германия, Польша, Марокко, Австралия, Исландия, Коста-Рика, Египет жана Панама курама командалары - 8 миллион доллардан акчага ээ болушту.