Баткен шаары 2008-жылы шаар статусун алган, калкынын саны 2009-жылы 12 134 кишини түзгөн. Шаарда 2 эс алуучу сейил бак, 7 орто мектеп жана бир жогорку окуу жай бар. Элдин санынын көбөйүүсү менен шаар кеңейип, жаңы конуштар пайда болду. Шаардын көрүнүктүү жерлери Эркиндик эстелигинин аймагы менен "Манас" комплекси. Акыркы учурда шаардын борбордук бөлүгү гана эмес, чет жактагы жаңы конуштардын көчөлөрүнө да асфальт төшөлүүдө. Анан да жаңы дүкөндөр, мейманканалар, түрдүү кызмат көрсөтүүчү борборлор пайда болуп, шаардын көркүн ачууда.