Социалдык өнүктүрүү министрлиги сынак аркылуу бир катар райондордогу башкармалыктардын жетекчилерин дайындады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 27-июнда Ноокен районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп Кубатбек Райымкулов, Нарын шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп Жеңишбек Мамбетказиев жана Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп Абдимиталип Сатаев дайындалды.