"Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок" аттуу республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-15-июль күндөрү Аксы районунун Кара-Суу айылында орун алган "Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок" аттуу республикалык айтыштын жеңүүлөрү аныкталды.
"Тандоо турунан тандалып алынган 16 акын жогорку деңгээлдеги айтыш курушту. Күмөндөр Абылов, Садак Алахан, Шайырбек Абдрахманов, Зайырбек Ажыматов, Олжобай Шакир баш болгон калыстар тобу алардын ырынын көркөмдүүлүгү, төкмөлүк шыгы, тапкычтыгы, аткаруучулук чеберчилиги, сахна маданиятына көңүл буруп жеңүүчүлөрдү аныктады", - дейт Маратов.
Калыстардын тандоосу боюнча баш байгени Кубат Тукешов, 1-орунду Асылбек Маратов, 2-орунду Изат Айдаркулова, 3-орунду Абдылда Нуралиев ээледи.