Кыргыз дзюдочу Шакир Шакиров Кытайда өткөн Азия Кубогунун жеңүүчүсү аталды

Кыргыз дзюдочу Шакир Шакиров Кытайда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия Кубогунда алтын медаль тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдиришти.

Кытайдын Гонконг шаарында өткөн мелдеште 17 өлкөдөн барган 127 спортчу катышып, 16 медалдар топтому үчүн күч сынашты. Бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Шакир Шакиров гана катышкан, ал 81 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1-орунду ээледи.

Шакир Шакиров күрөштү жарым финалдык баскычтан баштап, анда монголиялык дзюдочуну утуп алган. Финалдык беттеште Шакиров Жаңы Зеландиянын спортчусу Рихари Ики менен күч сынашып 2 мүнөт 39 секундда алдын ала жеңишке жетти. Муну менен Шакиров 1-орунга ээ болуп, алтын медалды тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан