ЖЫЛНААМА, 17-ИЮЛЬ: "Путин менен жолукканда орусча сүйлөшсөм дейм..." деген Германиянын канцлери Ангела Меркель 64 жашка чыкты

Бүгүн Европада "темир аял" атка конгон Германиянын тарыхындагы биринчи аял канцлер Ангела Меркель 64 жашка чыкты.

Ал 1954-жылдын 17-июлунда Ангела Меркель Германиянын Гамбург шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Кесиби боюнча физик. Ал окуучу кезинде мектеп олимпиадаларында орус тили боюнча башкы орунду ээлеп, Москва шаарына келип кеткен.

Германиянын тарыхындагы биринчи аял канцлер "Forbes" журналынын версиясы боюнча акыркы 11 жылда 8 жолу дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын тизмесин толуктаган. Ири державаны башкаруу жөнөкөй аялзатынын колунан келбеген иш. Орус, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн канцлер SMS-билдирүү жазганды жакшы көрөт. Орус тилинде эркин сүйлөгөн Меркелдин: "Путин менен жолукканда орусча сүйлөшсөм дейм, бирок ал да мени менен эмнегедир немис тилинде маектешкиси келет", - деп айтканы бар.

2005-жылы Москвага келген учурунда котормочудан баш тартып, өзү орус тилинде жай, абайлап, тырышчаак окуучудай сүйлөгөнү маалымат айдыңында жазылып жүрөт.

Европанын "темир аялы" аталган Меркель иттен аябай коркот. 1995-жылы коңшусунун ити бутун тиштеп алган окуядан соң ит анын фобиясына айланган. Андыктан анын жан сакчылары канцлер расмий визит менен кайда барбасын, ал жерде иттер болбоосун талап кылышат.

2007-жылы Владимир Путин Ангела Меркелди өзүнүн Крымдагы резиденциясына чакырган. ММКнын өкүлдөрү сүрөткө тартып жаткан учуруда Орусия башчысы менен немис канцлери отурган бөлмөгө Путиндин ири породадагы кара ити кирип келген. Ошол учурда канцлер өзүн араң колго алган. "The New York Times" басылмасы убагында "Владимир Путин орус-немис жолугушууларына көбүнчө өзү менен кошо итин алып алат. Ал Меркелдин иттерден коркорун жакшы билчү" деп жазып чыккан. Бул окуядан соң Орусия президенти Ангела Меркелден кечирим сураганы, анын иттен коркорун билбегени айтылат.

Көпчүлүк серепчилер канцлерди харизмасы жок жана демилгесиз деп эсептешип, анын ийгилигинин сыры эмнеде экенин түшүнбөй келишет. Меркель чыр-чатактарды буйтап өткөн таланты менен да белгилүү. Андыктан кээ бир саясий атаандаштары аны "эт менен челдин ортосунда" деп да аташат. Бирок айрымдары Ангела Меркелдин күчү анын өзүн ар дайым токтоо, сабырдуу алып жүргөндүгүндө деп белгилешет. Анын иш столунда "Күч сабырдуулукта" деген жазуу турары айтылат.

Кызыгы, Ангела Меркель жөнөкөй жарандардын арасында өзгөчө популярдуу. Жалпы элдин сүймөнчүгүнө ээ болуусунун себеби - ал өзүнүн жогорку даражасын бөлүп көрсөтүп, өзгөчөлөнгүсү келбейт. Жупуну кийинүү, классика, ыңгайлуу кийим анын негизги гардеробун жана стилин түзөт. Түрлөнүп кийинүүсү менен да өзгөчөлөнбөйт. Ошондуктан анын бул жөнөкөйлүгү интернетте талкуулардын негизги темасына айланган.

Ангела Меркель 1977-жылы Ульрих Меркелге турмушка чыгып, күйөөсүнүн фамилиясын алган. 1982-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Экинчи жолдошу Иоахим Зауэр менен 1984-жылы таанышкан. Бир нече жылдык мамиледен соң 1998-жылы расмий түрдө баш кошушкан. Канцлер балалуу болгон эмес, ал эми азыркы жолдошунун мурунку никесинен 2 уулу бар.

Канцлердин окумуштуу күйөөсү Зауэр аялынын саясий карьерасынын арты менен белгилүү болууга жетишкен. Ошентсе да коомдо популярдуу болууну жактырбайт. Ал тургай аялынын инаугурациясына да катышкан эмес. Бирок болуп жаткан окуяларды өзү эмгектенген окуу жайдагы сыналгыдан карап турат.

Ангела Меркель Германиянын мурунку канцлерлеринен айырмаланып, кызматтык үйдөн баш тарткан. Учурда Берлин шаарынын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан батирде күйөөсү менен жашайт.

Ал жашаган имарат башка имараттардан эч бир айырмаланбайт, батирди болгону эки полиция кызматкери кайтарат. Кире беришиндеги коңгуроо кагылчу жайда канцлердин күйөөсүнүн фамилиясы "Prof. Sauer" (Профессор Зауэр) жазылган.

Канцлердин кошуналары канцлер менен күйөөсү саат 7:45те жумушка кетерин билишет. Ага карабай туристтердин үйдүн айланасына топтолуп каларына кошуналары таң каларын жашырышпайт.

Канцлердин карамагында күнү-түнү кызмат кылган автоунаа бар. Меркель өзү үчүн Audi A8 үлгүсүндөгү унааны тандап алган.

Ангела Меркель 2016-жылы 13-июлда Кыргыз жерине алгачкы расмий сапары менен келген.

17-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан