Дүйнө жүзүндөгү футбол сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген Дүйнө биринчилиги кызыктуу окуяларга бай болду. Дал ушул футбол майрамында жөнөкөй күйөрмандардын катарында өзүнүн улуттук курама командасы үчүн жан тартып күйөрмандык кылган Хорватиянын өлкө башчысы Колиндо Грабар-Китарович көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып, алардын сүймөнчүлүгүнө ээ болду.
SUPER.KG порталы жүзүнөн жылмаюу кетпеген президент айым тууралуу кызыктуу маалыматтарды сиздерге сунуштайт.
Үй-бүлөсү
Колинда Грабар-Китарович 1968-жылы 29-апрелде Риека шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан Лубарска айылында жарык дүйнөгө келген. Ал жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөнүнө карабастан ата-энеси кызын окутуп, мыкты тарбия берген. Келечектеги өлкө башчы бир нече жогорку окуу жайды аяктаган. Ал Загреб, Вашингтон университеттерин жана Гарвард университетинин Кеннеди атындагы мамлекеттик башкаруу мектебин аяктаган. Президент англис, испан, португал, немис, француз тилдеринде эркин сүйлөйт.
Колиндо Грабар-Китарович Хорватиянын өлкө башчысы болуп 2015-жылдын февраль айында шайланган. Ал өлкө тарыхындагы эң биринчи айым президент болгон. Президенттик шайлоого "Хорватия демократиялык кызматташтык" оппозициялык партиясынан катышып, шайлоочулардын добушунун 50,42 пайызын алып жеңишке жеткен.
"Хорватия өнүккөн, бай өлкөлөрдүн катарына кошулат", - деген сөздөр Грабар-Китаровичтин президент болгондогу алгачкы сөздөрү болгон.
Азыркы тапта өлкө башчысынын интернетте архивдик сүрөттөрүн кездештирүү дээрлик мүмкүн эмес. Бирок мода сынчыларынын айтымында, Грабар-Китарович өлкө башчысы болгонго чейин эле классикалык стилде кийингенди жактырган. Президент айым жабык, бирок өзүнө жарашыктуу кийимдерди тандайт. Кийимдеринин көпчүлүгү кара түстө.
Көпчүлүктү суктандырган дене түзүлүшү
Президент айымдын купальникчен эс алуу учурунда түшкөн сүрөттөрү бир нече ай бою дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарынын биринчи бетинен түшкөн эмес. Аталган сүрөттөр интернетте кеңири тарап, интернет колдонуучулар Грабар-Китаровичти "эң сексуалдуу" президент деп табышкан. Президентти көпчүлүк учурда америкалык актриса Николь Остин менен алмаштырып алышат. Президент менен актрисанын чач жасалгасы, дене түзүлүшү окшош.
Спорт
Президент айымдын социалдык тармактагы баракчасынан жумуштагы жана стадиондогу сүрөттөрүн көрүүгө болот. Ал маанилүү спорттук иш-чаралардан эч качан четте калбайт. Башка президенттерден айырмаланып Дүйнө чемпиондугунун оюндарын жөнөкөй күйөрмандардын катарында отуруп көргөнү көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Бул ири спорттук иш-чарада ал дайыма улуттук курама команданын формасын кийип жүргөнүн байкоого болот.
Мырзалардын шаштысын кетирген сулуулук
Өлкө башчысынын сулуулугу көпчүлүктү кайдыгер калтырбайт. Хорватиянын Хельсинк комитетинин башчысы эл алдында сөз сүйлөп жаткан учурда шымы күтүүсүз жерден шыпырылып калган. Бул окуяда президент айым колундагы чоң сыйлык менен башчыны жаап бул ыңгайсыз көрүнүштөн жол таап кеткен.
Дүйнө чемпиондугу
Дүйнө биринчилигинин финалдык беттешинде Хорватия-Франция курама командаларынын оюну көпчүлүктүн эсинде калды. Мыкты деңгээлдеги оюндун жыйынтыгында Франция курама командасы 4:2 эсебинде жеңишке жетти. Чемпиондуктун сыйлык тапшыруу аземинде өлкө башчысынын өзүнүн курама командасынын ар бир оюнчусуна эне мээримин төгүп, көзүнө жаш ала аларды кучактап куттуктаганы футбол күйөрмандарынын ага болгон сый-урматын, сүйүүсүн дагы да болсо күчөттү.