Эртең, 17-июлда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыздар арасында эл аралык мелдеш старт алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы маалымдады.
"Надежда" мелдеши 2019-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуу раундуна даярдык катары өткөрүлүүдө. Мелдеш 17-21-июль аралыгында өтүп, анда Казакстан (U-17), Өзбекстан (U-16), Тажикстан (U-16) жана Кыргыз Республикасынын (U-16) жаштар курама командалары катышат.
Мелдеш эртең Казакстан (U-17) - Өзбекстан (U-16) беттеши менен саат 14:30да старт алат. Ал эми саат 18:00дө Кыргыз Республикасы (U-16) - Тажикстан (U-16) беттеши өтөт.