
Францияда улуттук курама команданын жеңишин майрамдап жаткан 2 күйөрман каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 50 жаштагы футбол күйөрманы Франциянын жеңишинен кийин Анси шаарында жайгашкан каналга секирип моюнун сындырып алган. "Тез жардам" кызматынын ыкчам көрсөткөн жардамына карабастан ал окуя болгон жерден көз жумган.
Дагы бир окуя Сен-Феликс-Лораге шаарында орун алган. Анда 30 жаштагы жаран команданын жеңишин унаа айдап бара жатып белгилеп бараткан. Жыйынтыгында ал унааны башкара албай жол четинде токтоп турган унааны жана бакты сүзүп окуя болгон жерден жан берген.
Эскерте кетсек, Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде Франция улуттук курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп чемпион аталды.
.