Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү боюнча шаардык кеңештин токтому өкмөткө түштү

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү боюнча шаардык кеңештин токтому өкмөткө түштү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, токтом бүгүн түшкөн. Премьер-министр токтом боюнча 3 иш күнүнүн ичинде чечим кабыл алышы керек.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Шаардык кеңештин төрагасы билдиргендей, өкмөт башчы 3 иш күндүн ичинде шаардык кеңеш жөнөткөн токтомду карап чыгышы керек. Эгерде мэрге ишеним көрсөтпөө чечимин колдосо, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүн белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан