Дүйнө чемпиондугунда орун алган 10 мыкты гол

Кечээ, 15-июлда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталып, Франция курама командасы чемпион аталды. Толук 1 айга созулуп, миллиондон ашык күйөрмандардын көңүлүн бурган мелдеште кызыктуу жана күтүлбөгөн учурлар көп болду. Дүйнө чемпиондугунун алдында дүйнөнүн мыкты серепчилеринин жана букмекерлердин божомолдоп түзгөн алдыңкы 5 фаворит командасынын арасынан Франция гана ийгиликке жетти.

Германия курамасы тайпалык баскычтан өтө албай калып, Аргентина менен Испания жарым чейрек баскычтан ыргып, бразилиялык футболчулар чейрек финалда Бельгия курамасын ута албай калды. Ал эми Франция курамасы жалпы мелдеште мыкты оюн көрсөтүп, тарыхта 2-ирет Дүйнө чемпиондугун багындырды. Бул кубок башкы машыктыруучу Дидье Дешам үчүн 2-болду, ал буга чейин 20 жыл мурун (1998-жылы) Франция курама командасынын капитаны болуп турган кезинде Дүйнө биринчилигин утуп алган.

Ошондой эле бул Дүйнөлүк чемпионатта Орусия менен Хорватия курамалары триумф жасады деп айтууга болот. Анткени серепчилер Орусияны чейрек финалга, ал эми Хорватияны финалга чейин жетет деп ойлогон дагы эмес.

Аалам биринчилигинин алкагында орун алган 64 беттештин жүрүшүндө жалпы 163 гол кирип, алардын 74 голу стандарттык абалдан жаралды. Эми SUPER.KG порталы сиздерге Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугундагы 10 мыкты голду көрүүнү сунуштайт.

1. Бенжамин Павар - Франция-Аргентина беттеши

2. Денис Черышев - Орусия-Хорватия беттеши

3. Насер Шадли - Бельгия-Япония беттеши

4. Дрис Мертенс - Бельгия-Панама беттеши

5. Тони Кроос - Германия-Швеция беттеши

6. Лука Модрич - Аргентина-Хорватия беттеши

7. Лионель Месси - Нигерия-Аргентина беттеши

8. Криштиану Роналду - Португалия-Испания беттеши

9. Ахмед Муса - Нигерия-Исландия беттеши

10. Начо Фернандес - Португалия-Испания беттеши

БОНУС: Артём Дзюба - Орусия-Египет беттеши

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bek-94
2018-07-16 20:40:34
раналдо
+5
bond02
2018-07-16 21:26:46
Эн мыкты гол Португалия, Роналду.
+4
TalaCSKA
2018-07-16 21:39:01
Денис Черышев Хорватияга !!!
+3
kyialreal
2018-07-16 21:41:21
Черишев
+3
Alixan-Nookat.2015
2018-07-16 22:06:03
Роналдо менен Модричтин голу мыкты болуптур
+3
uz.nookat
2018-07-16 22:32:10
Германия эн сонун эн акыркы убакта киргизген
+2
Kattaldym
2018-07-16 22:36:01
Cheryshev
+3
Boobek_5
2018-07-17 00:01:09
Япондордун Бельгияга киргизген голдору да мыкты болчу.
-1
barsa30
2018-07-17 00:46:27
Эн мыкты Павардын голу анан Черышевдин голу менимче
-2
Modric10
2018-07-17 12:20:13
Погбанын голу да мыкты болчу.Австралияга каршы
-1
Jetigen99
2018-07-17 15:30:07
Насер Шадлинин голун мен деле киргизип коймокмун
-1
Modric10
2018-07-17 16:51:28
Jetigen99,мессиники андай деле эмес болчу
0
mariolan
2018-07-17 20:43:49
Жапондордуку да жакщы болчу, Модричтики жакты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан