Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев: "Мэрди эл шайлаш керек, анткени азыр программасы жок мэрлер келип жатат"

Жакында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка которулганына байланыштуу мэрликтен кеткен. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Коомчулукта эки чоң шаардын мэрин эл түз шайлашы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын эл түз шайлаганы туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев төмөнкүдөй жооп берди.

Ал мэрлерди жана айыл башчыларын эл түз шайлашы керектигин айтты. "Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов эмгек өргүүдө жүргөндө 40 депутат бир заматта чогулуп, шаар башчысына ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты. Көп маалымат каражаттарында бул саясий буюртма деп жазылды, анткени эл депутаттар өздөрүнүн демилгеси менен мэрди кызматтан кетирди дегенге ишенбей жатат. Эмнеге эмгек өргүү убагында кетиришет, мурда эмнеге алып салган жок? Эмне үчүн ЖЭБдин чатагы чыкканда ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган жок?

Эми депутаттар кимди мэр кылып шайлайт деген суроо бар. Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовду ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен колдоп, шайлап берген. Эми президент Сооронбай Жээнбековдун кишиси келеби деген суроо жаралат. Мына ушундай кырдаалдардан кутулуу үчүн биз түз шайлоону киргизишибиз керек. Анткени бир гана түз шайлоо болгондо күчтүү шайлоо болот. Каалаган жаран өзүнүн талапкерлигин койгонго мүмкүнчүлүк алат. Эл аны колдой турган болсо, бийликтин колдоосуна карабай өтө алат.

Мындан тышкары шайланган мэрдин мандаты күчтүү болот. Ал ошол эле 40-45 депутатка көз каранды болбой, ал элден көз каранды болот. Азыркы мэрлердин электораты жок, 40-45 депутат шайлап жатат. 23 депутаттын добушун алса, мэр болуп шайланат. 23 депутат бул шайлоочулар эмес да, Бишкек шаарында миллиондон ашык адам жашайт. Мүмкүн шаардыктар депутаттар шайлаган мэрди каалаган эмес. Кээ бир жерлерде талапкерлерди эл тааныбаган учурлар болгон. Элдин алдына программасы менен бир дагы мэр чыгып, кийин отчёт берген эмес. Программасы жок эле мэрлер келип жатат. 40 депутатты жайгарып коюшат, болду. Элге өзүнүн шаарына же айылына башчы шайлаганга мүмкүнчүлүк берилбей жатат", - деди Бокоев.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Рысбай Аматов, Канатбек Мүзүралиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Атыр Абдрахматованын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан