Бүгүн, 27-июнда ЖКнын жыйынында депутаттар Эркингүл Иманкожоева, Асылбек Жээнбеков, Чолпон Султанбекова жана Каныбек Иманалиев тарабынан иштелип чыккан “КРнын мөңгүлөрү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Депутат Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстандын мөңгүлөрүн коргоо, климаттын өзгөрүлүшүнүн алдын алуу жана суу запастарын акыл-эстүү башкаруу боюнча мыйзамдык негиздерди түзүү максатында киргизип жатат. Мыйзам долбоорунун милдеттери катары мөңгүлөрдү коргоо үчүн негиздерди түзүү, мөңгүлөр боюнча мониторинг кызматын түзүү, республикада гляциолог жана метеоролог кадрларды даярдоо үчүн өбөлгөлөрдү түзүү, мөңгүлөргө зыян келтирилгендиги үчүн жоопкерчилик чараларын киргизүү, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктап, аны өндүрүүгө шарт түзүү болуп эсептелет.