Күйүп кеткен үйүнөн нике шакегин таап алган жаран кайрадан жубайынын колун сурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Калифорнияда орун алган токой өртүнүн кесепетинен Лора жана Ишу Раонун үйү күйүп кеткен. Тилсиз жоонун айынан 8 ай мурун үйлөнгөн жаш жубайлардын үйүнөн күлдөн башка эч нерсе калган эмес.
Жаш жубайларга үйүнөн айрылуу оор болгон. Күйүп кеткен үйүнүн ордуна келген кезде Лора өрт болгон түнү колунан чечкен нике шакеги тууралуу эстеген.
"Уктаар алдында колумдагы нике шакегимди чечип жуунуучу бөлмөгө коюп койгом. Бир нече мүнөттөн соң өрт башталып кетти. Аз убакыттын ичинде керектүү документтерди алып үйдөн чыгып кеткенбиз. Ал түнү шакек тууралуу деле эстеген эмесмин", - деп эскерген Лора.
Күйүп кеткен үйдүн калдыктарынын арасынан Лоранын күйөөсү анын бир аз ийрейип калган шакегин таап алган. Артта калган жаман кундөрдү унутуп, кайрадан жаңы жашоо баштоо максатында Ишу тизелеп туруп кайрадан жубайынын колун сураган.
"Менин жубайым - дүйнөдөгү эң сулуу айым. Мен анын жүзүнөн жылмаюу кетпеши үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм", - деп билдирген Ишу.