Жакында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка которулганына байланыштуу мэрликтен кеткен. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Коомчулукта эки чоң шаардын мэрин эл түз шайлашы керек деген пикирлер айтылууда.
SUPER.KG порталынын "Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын эл түз шайлаганы туурабы?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутат Лев Васильев төмөнкүдөй жооп берди. Ал шаардык кеңеш мэрдин ишин көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин айтты.
"Мэрди шаардык кеңеш шайлайбы же жарандарбы, ар бир чечимдин эки жагы болот. Ошондуктан артыкчылыктар эки жакта тең бар. Конституциябызга ылайык, эл өзүнүн бийлигин кеңеш аркылуу көрсөтөт. Калаа башчысын ким шайлай турганынан принципиалдуу айырмасын көрбөй жатам. Мэрлик - бул чарбалык кызмат, аны ким шайлабасын, шаардык кеңеш анын ишин баары бир көзөмөлдөйт", - деди Васильев.
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Рысбай Аматов, Канатбек Мүзүралиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Атыр Абдрахматованын пикири төмөнкү шилтемеде.