БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов: "Мэрлерди эл шайлаган жолдон өткөнбүз"

Жакында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка которулганына байланыштуу мэрликтен кеткен. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Коомчулукта эки чоң шаардын мэрин эл түз шайлашы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын эл түз шайлаганы туурабы?" деген соболуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов төмөнкүдөй жооп берди.

Ал мыйзамда кандай болсо, ошого жараша иш алып барарын белгиледи. "Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерин эле эмес, бардык мэрлерди жана айыл башчыларын түз шайлаган мезгил да болгон. Мурда бардык мэрлерди, айыл башчыларын түз шайлаганбыз. Эл тарабынан шайланган дагы жолдон өткөнбүз. Түз шайлоо боюнча мыйзам кабыл алынса, биз ошого жараша иш кылабыз", - деди Бекматов.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Рысбай Аматов, Канатбек Мүзүралиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан