Бүгүн, 16-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек мэри Албек Ибраимовду азырынча кызматтан бошото элек. Өкмөттүк аппарат алгач “шаардык кеңештин чечими келе элек”, - деген түшүндүрмө менен чектелди. Бирок мэриядан 10 мүнөттүк аралыкта жайгашкан өкмөт ММК өкүлдөрүнүн суроолорун “келе элек” деген түшүндүрмө менен бир күн кечке токтото алмак эмес. Жумуш күнү соңуна чыгып калганда өкмөттүн маалымат кызматы чечим келип түштү деп жарыялады. Ошентсе да премьер шаардык кеңештин чечимин колдоп, мэр Албек Ибраимовду кызматтан бошотту деген жаңылык жаралган жок. Өкмөт башчыда чечимди колдоп кол коюуга же макул болбой кайтарууга 3 жумушчу күнү болот.
Эбак чечилип бүткөнү көрүнүп турган иштин кечеңдеп жатышы шаар башчынын күтүүсүз эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенине байланыштуу болуп жүрбөсүн? Мыйзамга ылайык, кызматкер эмгек өргүүсүндө жүргөндө кызматтан бошотулбайт. Бирок Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Эмгек кодексинин талап-шарттарын эмес, саясий абалды эске алууда. Албек Ибраимов баш калаанын башчылыгына сунушталганда кош колдоп колдоого алган КСДП фракциясынын өкүлү, учурда шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев “Албек Ибраимов биринчи вице-мэр камакка алынган учурда жумушту таштап эмгек өргүүсүнө чыкпай турушу керек эле”, - дейт.
Бул арада УКМК шаардык кеңеш таппай калган Албек Ибраимовдун тергөөгө келишин күтүп отурган чагы. “Дагы бир ирет тергөөгө өз эрки менен келүү боюнча кагаз жиберебиз. Анда да келбесе, кийинки чараларды көрөбүз. Азырынча ал издөөгө жарыялана элек”, - дешти мекемеден. Албек Ибраимов “Дастан” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык иштерге айыпталып жаткан чагы. Анын дагы бир үзөңгүлөшү, ошол эле “Дастан” мамлекеттик ишканасынын башкармалык башчысы Юрий Васильев мекемеге тийиштүү пансионатты арзан баага сатып жиберип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян алып келген деп айыпталып, камакка алынды. Тергөөгө өз эрки менен келип, сурак берүү ниети болсо Ибраимов ушул күнгө чейин келмек. Андай болгон жок. Демек, Аскарбек Шадиев өңдүү ал дагы бир сууну кечип өтүп, бакытын чет жактардан издеп кеткен болушу мүмкүн. Шадиевдин окуясында түз жарыялабаса дагы УКМК айыпты мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага артты эле. Эми шылтоолой турган Жолдубаева жок.
Кызматтан бошотуу үчүн Албек Ибраимовду таппай жатышкан маалда шаар башчысынын креслосуна талапкерлердин ысымдары айтыла баштады. Алардын катарында буга чейин баш калааны башкарып көргөн Иса Өмүркулов менен Нариман Түлеевдин, өкмөттү башкарган Темир Сариевдин, Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө активдүүлүк кылган шаардык кеңештин башчысы Алмаз Кененбаевдин ысымдары аталып жатат.
Өлкөдөгү финансылык агымдардын да борбору болгон Бишкек менен Ош шаарларынын башчылары өлкөдө бийлик алмашуу болгон сайын жаңыланат. Өзгөчө Бишкек шаарынын башчылыгы чарбалык эмес, өкмөт башчылыктан кийинки эле саясий күчтөрдүн соодасын кызыткан баалуу кызмат болуп калды. Андыктан дал ушул күндөрү Ош шаарынын мэринин креслосу бошоп, Бишкектин башчысы аз күндө бошой турган маалда “калаа башчыларын шаар тургундары өздөрү шайласа туура болор беле?” деген суроо күн тартибине чыкты. Баш мыйзам боюнча, түз шайлоого азырынча мүмкүн эмес. Бирок “шаар жана айыл башчыларын шайлоо укугун элдин өзүнө бериш керек, ошондо алар элдин алдында жооптуу болушмак”, - деген сунуштар активдүү айтылып жатат. Эгемендүү Кыргыз тарыхында Борис Силаев бишкектиктер тарабынан мэрликке шайланып, 1995-жылдан 1998-жылга чейин иштеген. Албетте, өкмөт башчы же шаардык кеңештин эрки менен кызматка келгенге караганда шаар тургундары тарабынан шайланып келген мэрдин мандаты күчтүү болот. Бул бийликке ыңгайлуу эмес. Миллиондон ашуун бишкектиктерди башкарууга караганда шаардык кеңештин 45 депутатын башкарган бийликке алда канча жеңил. Башкаруу жеңил экендигин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү окуясында дагы бир ирет далилдешти. Эгер шаардык кеңештин депутаттары мэрдин ишин сынга алуу менен аны кызматтан кетиргиси келсе, бул чечимди кышында, Бишкек тургундары 5 күн суукта калганда же массалык түрдө бак-дарактарды кыюу башталганда эле кабыл алмак...
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу бүтөрү менен Орусияда жашап жүргөн Кыргыз мигранттарынын башына олуттуу маселе түшкөнү турат. Бул өлкөдө 8-июлдан тартып мигранттарды каттоо эрежелери өзгөрдү. Буга чейин мигранттар иштеген жерине каттала алышса, эми жашап жаткан жерине гана катталуулары тийиш. Орусиялык ММКлардын маалыматына караганда, мыйзамды бузган чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагынан чыгарылып, жумуш берүүчү тарап 800 миң рубль айыпка жыгылмакчы. Бир батирге 15-20 адамды каттоого батир ээлери да макул болбосу анык. Каттоосу жок мигранттар болсо Орус полициясынын эрмегине айланары турган кеп. Андыктан Орусиядагы мигранттар Кыргыз бийлигине бул маселени чечип берүүнү өтүнүп кайрылуу жасай башташты.
ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз мамлекетинен гана Орусияны көздөй мигранттардын агымы токтолбой, тескерисинче, жыл санап өсүүдө. Экономикалык саясат институтунун эксперттеринин эсептөөсү боюнча, Кыргыз Республикасы Орусиядагы эмгек мигранттарынын саны боюнча төртүнчү орунга чыкты.
Орусиянын Борбордук банкынын көрсөткүчтөрүнө таянсак, Кыргыз мигранттары мекенине 2017-жылы 2,21 миллиард доллар которушкан. Бул көрсөткүчтө Кыргыз мигранттары Тажикстан, Армения өңдүү өлкөлөрдү басып өтүштү. Бул өлкөнүн экономикасы 30 пайызга эмгек мигранттарынын үйүнө жиберген акчасынан көз каранды деген кеп. Мына ошентип өлкөнү багып келе жаткан мигранттар мамлекеттин колдоосуна муктаж. Бийлик алардын үнүн угабы? Сооронбай Жээнбеков башында турган бийликке бул олуттуу сынак. Кыргыз өлкөсү эмгек күчүн экспорттоочудан товар экспорттоочу өлкөгө качан айланары белгисиз...