Кечээ, 16-июлда Бишкек шаарында "Булан" институту тарабынан уюштурулган "Медресе бүтүрүүчүлөрүнүн келечеги жана жумуш табуу мүмкүнчүлүктөрү" аттуу иш-чара болуп өттү. Анда диний мекемелерден билим алган улан-кыздардын окуу жайды аяктагандан кийинки келечеги диний ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, теологдор жана муфтияттын өкүлдөрү тарабынан талкууланды.
Ислам изилдөө институтунун директору Маметбек Мырзабаев өлкөдө диний билим берүү маселеси жолго коюлбаганын айтып, диний билим алган бүтүрүүчүлөр кадр катары кимге керек болсо ошолор жумуш менен камсыз кылуусу керек деген пикирде.
"Диний мекемелерде тарбиялангандар кандай муктаждыктын негизинде билим алып жатышат. Окууну бүткөн соң алар кимге керек? Алардын аткара турган жумушу белгилүүбү? Ушул негизги маселе. Муфтият бүтүрүүчүлөргө кайсы багытта диплом берип жатканын билип, аларды жумушка орноштуруу маселесин колго алыш керек. Биздеги медреселер сырткы ар башка фонддорго жана өлкөлөргө көз каранды болгон үчүн диний көз караш жагынан бири-бирине карама-каршы болгон бүтүрүүчүлөр тарбияланып чыгууда", - деди Мырзабаев.
"Өлкөдө жылына канча бүтүрүүчү диний билимге ээ болуп чыгат? Алардын канча пайызы жумуш менен камсыз болот деген" суроолорго Кыргыз өлкөсүнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов так жооп айта алган жок.
"Муфтият элдин назарында чоң башкаруу орган катары таанылганы менен, мыйзам жагына келгенде ал кичинекей катардагы жоопкерчилиги чектелген мекеме болуп эсептелет. Ошондой эле каржы жана кадрдык жагы чектелүү. Ошондуктан бизде өлкө боюнча диний окуу жайларды жана медреселерди тейлеген 3 эле киши иштейт. Мына ошондуктан биз өлкөнүн бардык аймагы боюнча мониторинг жүргүзө алган жокпуз. Ал эми мониторинг жүргүзгөн Оштун 4 району жана Талас, Нарын облустары боюнча бүтүрүүчүлөрдүн 35 пайызы алган билими боюнча турмуштан өз ордун табышкан", - деди муфтияттын өкүлү.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Замир Турсунбековдун айтымында, диний мекемелерден берилген дипломдор же сертификаттар мамлекет тарабынан таанылбайт.
"Өлкөдөгү диний билим берген бардык мекемелер диний уюм катары гана катталган. Ал эми айрым медреселерге лицензия берүү маселеси буга чейин каралып келген. Бул маселе ушул жылдын аягына чейин чечилет. Бирок лицензияны кыска мөөнөттүк курстарды бүтүрүп чач тарач, тикмечи ж.б.у.с кесипке ээ кылууга үйрөтүү үчүн гана лицензия берилет", - деди мамлекеттик дин комиссиясынын өкүлү. Жыйынга катышуучу катары келген Айгерим Кадамжайдагы медреседе билим алганын айтты. Бирок ал кайсы бир кесипке ээ болуу үчүн эмес, диний сабатын жоюу үчүн билим алганын ырастады.
“Учурда тигүү цехинде иштейм. Медреседен алган күбөлүк менен коомдо жумуш таба албайсың, ошон үчүн медреседен кийин кыска мөөнөттүк кесипке ээ кылган курстардан билим алдым”, - деди медресенин бүтүрүүчүсү.
Булан институту буга чейин өлкөдөгү диний билим берүү мекемелериндеги абал, анын ичиндеги медреселер тууралуу эки иликтөө баяндамасын жарыялаган. Анда аталган институт диний билим берүүнүн абалын талдап, светтик билим менен диний билимди туура айкалыштыруу маселесин сунуш кылган. Аталган институттун директору Чолпон Орозобекова баяндаманы жарыялаардын алдында иликтөө жүргүзүп, диний мекемелерде билим алып жаткандар жана бүтүрүүчүлөр менен сүйлөшүү өткөргөнүн айтып, алардын жумуш табуусунда тоскоолдуктар көп экенин билдирди.
“Учурда диний мекемелерди бүтүргөн бүтүрүүчүлөр жумуш табууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Алардын күбөлүгүн мамлекет тааныбайт жана мечиттерде имам болуп иштөө үчүн да орундар чектелүү. Диний билим берген мекемелер “биз сөзсүз билимди кайсы бир кесипке ээ болуу үчүн окутпайбыз, бизде өзүнүн руханий маданиятын чыңдоо үчүн окуп жатат” деп түшүндүрүштү. Эгер андай болсо диний окуу жайларды руханий азык алуу үчүн окутканды өзүнчө жана кесиптик билимге ээ кылганын өзүнчө бөлүп, туура квалификациялоо керек”, - деди Орозобекова.
Айта кетсек, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 102 диний окуу жайды каттоодон өткөргөн. Бирок 92 медресе окутуу-тарбиялоо иштерин жүргүзүп келет. Алардын 16сы кыздар үчүн, 17си аралаш, калгандары балдар үчүн ачылган. Жалпысынан диний мектептерде 8 миңден ашык бала билим алат.