Кечээ, 16-июлда Финляндиянын Хельсинки шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу болуп өттү. Эки өлкө башчысынын баарлашуусу 2 саатка созулуп, андан соң аларга калган делегация мүчөлөрү кошулуп, жолугушуу кеңейтилген форматта өткөн. Андан кийин президенттер журналисттердин алдына чыгып, биргеликте маалымат жыйын өткөрүшкөн.
АКШ президенти Трамп Путин менен жолугушуусун “жакшы башталыш” деп атап, эки өлкө ортосундагы бардык маселени чечүүнүн убактысы келгенин айтты.
Президент Путин да жолугушуу пайдалуу болгонун айтып, анда Сирия жана Украинадагы жаңжалдар, соода жана башка маселелер талкууланганын билдирди.
Ошондой эле АКШ президенти Орусияны Украинага байланыштуу Минск келишимин сактоого чакырып, Сириядагы кризистик абалды чечүү үчүн эки өлкө биргелешип иш алып барууга мүмкүнчүлүктөр мол экенин айтты. Ал эми Москва Түндүк Кореяны ядролук өлкөдөн арылтууда Вашингтон менен биргелешип аракет жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.
Айта кетсек, Хельсинкидеги саммит Путин менен Трамптын толук форматта өтүп жаткан алгачкы кездешүүсү. Ага 61 мамлекеттен 1 миң 500 журналист келген.