
6 жашынан бери ырдап келген италиялык ырчы
Робертино Лоретти сахнадан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, "Sole mio", "Jamaica" ырлары менен дүйнө жүзүн багындырган Лоретти акыркы күндөрү ден соолугу начарлай баштаганын жана ал "Jamaica" ырынан тажаганын билдирген.
"Мен 6 жашымдан бери ырдап келем. Сахнада жүрүп дүйнө жүзү боюнча жалпы 850 концерт бердим. Мен чарчадым. 1963-жылдан тартып элдер менден бир эле ырды суранып, күтүп келишет, ал "Jamaica". Мен ушул ырдан да эс алгым келет", - деген Лоретти.
Ошондой эле ал сахнадан кеткен соң ал алектене турчу иштер көп экенин билдирип, аны Санкт-Петербургдагы музыка академиясына мугалим катары чакырышканын кошумчалаган.