Ырчы Мадонна Малавиде футбол академиясын түзөт

Ырчы Мадонна Малавиде футбол академиясын түзөт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, ырчы Малавиге ал асырап алган баланын ысымы ыйгарылып ачылган медициналык борбордун 1 жылдык мааракесине келген. Поп-ырчы аталган өлкөдө жаңы долбоор баштап футбол академиясын ачууну пландап жатканын ошол жерден билдирген. Ырчы асырап алган Дэвид Банданын айтымында, Малави өлкөсүндө футбол академиясы ачылса, өлкө келечекте Дүйнө чемпиондугунда ойноп калышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Мадонна Малавиде эгиз кыздарды жана Мерси Жеймс, Дэвид Банда аттуу балдарды асырап алган. Мындан тышкары ырчынын өзүнүн 1 кызы жана 1 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан