Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, композитор Муратбек Бегалиев менен маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун ортосундагы наам боюнча маселе кызуу талкууга алынууда. Композитор бул боюнча пикирин SUPER.KG порталына билдирген. Ага жооп кылып министр Султан Жумагулов "мен кыскача эле жооп берем" деп буларга токтолду.
"Белгилүү композитор Муратбек Бегалиев экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик болгон эмес. Арабызды кара мышык деле аралаган эмес. Анан бул сөздөр кайдан чыкты түшүнбөй жатам. Биринчиден, Муратбек Бегалиевди коллегиянын мүчөсүнөн мени алып салды деген кеп караандай калп. Мен жаңыланган курамда композитордун жок экенин көрүп "ушундай белгилүү композиторубуз турса аны кошпой койгонубуз уят" деп коллегиянын башка мүчөсүн алып, ошонун ордуна коштургам. Негизи жыл сайын коллегиянын 2-3 мүчөсү алмашып турат. Ошондо Муратбек Бегалиевге "биринчи тизмеде сиз коллегия мүчөсүнө кирбей калган экенсиз, байкабай калыптырмын. Курамды жаңыртып сизди атайын коштурдум" деп кечирим сурап чалгам. Бул жаңы жылда болгон окуя. Экинчиден, 14-июлда композиторго наам берүү боюнча жабык добуш берүү өткөн. Кыргыз Эл баатыры наамы боюнча менин жеке пикирим бар. Мен өз оюмду ошол добуш берүү учурунда айткам. Искусство, маданият адамдары атак-даңкка кызыгат эмеспи. "Искусство адамдары бул наамды өтө сейрек алат экен, ошондуктан татыктуусуна берели" дедим. Коллегиянын мүчөлөрү дагы пикирин билдирип өз бааларын беришти. Жыйынтыгында Муратбек Бегалиев жетиштүү добуш ала албай калды. Анан "Султан Жумагулов коллегия мүчөлөрүн кыстады" дегени туура эмес. Эмне коллегияда отургандар көчөдөн келген кишилер бекен? Алардын дагы пикири болот. Мен дагы бир жолу айтам, Муратбек Бегалиев экөөбүздүн ортобузда конфликт болгон эмес. Ал киши эмне десе дей берсин", - дейт ал.