Кыргызстандын өкмөтү Талас облусундагы "Беш-Таш" сейил багынын аянтын кеңейтти. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 24-июнда кол койгон. Учурда сейил бактын жалпы аянты 74 гектар болсо, ага 7,5 гектар жер кошулууда. Эми бул сейил бактын айланасы толук кандуу корукка алынмакчы.