“Бомба жарам дедиңиз эле, бомба калдыбы же жокпу?” деди депутат Ташполот Балтабаев акыйкатчыга

“Бомба жарам дедиңиз эле, бомба калдыбы же жокпу?” - деди бүгүн, 27-июнда депутат Ташполот Балтабаев ЖКнын жыйынында акыйкатчыны кызматынан бошотуу маселеси каралып жаткан учурда. Өз кезегинде акыйкатчы Турсунбек Акун дүйнөлүк практикада бомба жарам деген сөз өзүнө көңүл бурдуруу максатында колдонула турганын билдирди.  “Бомба жарам дегеним чыныгы бомба эмес, мен агыман жарылам дегенди билдирет. Бардык нерселерди айтам дегенди түшүндүрөт”,- деди акыйкатчы. Ошондой эле депутаттардын “Батукаевдин бошотулушуна өзүңүздү күнөөлүү сезип жатасызбы?” деген суроосуна, акыйкатчы: “Азиз Батукаевди 2 күндө өлөт деп айтып алганым үчүн гана өзүмдү күнөөлүү сезип жатам”, деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан