Бүгүн, 17-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейин жаңылоодогу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин УКМКга жиберди. “Азырынча кылмыш иши кимдерге козголгону тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт. Тергөөнүн жыйынтыгынан кийин күнөөлүү адамдарга айып тагылып, иш сотко жиберилет”, - дешти башкы көзөмөл органдан. Өткөн аптада Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейин жаңылоодогу мыйзам бузуу фактысынын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 5 беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. “Ачык соода-сатык, аукцион же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”, “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу”, “Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу” – УКМКнын алдында мына ушундай беренелердин топтому боюнча тергөө ишин жүргүзүү турат.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жооптуу кызматтагы адамдары сынак өткөрбөй туруп “СМУ-3” ЖЧКсы менен оңдоо иштерин жүргүзүүгө, музейге жабдуу сатып алууга келишим түзгөн. Баш-аягы аталган ЖЧКга 1 миллиард 520 миллион 309 миң 404 сом которулган. Музейге концепцияда каралбаган экспонат алынганы, Кыргыз өлкөсүнүн базарында бар айрым материалдар Германиядан жогорку баада алып келингени, ошондой эле оңдоо иштеринде жумуштун баасы ашыра көрсөтүлгөнү айтылат. Жыйынтыгында, жалпы суммада бюджеттин 118 миллион 215 миң 200 сом акча каражаты мыйзамсыз колдонулган дейт Башкы прокуратура. Бул казынадан бөлүнгөн каражаттын дээрлик ондон бир бөлүгү сол чөнтөккө кетти дегенди билдирет.
Эске салсак, ушул жылдын май айында Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы Мамлекеттик тарых музейинде көчмө жыйын өткөргөн. Депутаттар ачыкка чыгарган баалар коомчулукта катуу талкууга алынган эле. "Барсбек" деп аталган инсталляциянын (атайын аянтчага тикесинен коюлуп, сырдалган 58 даана жумуру жыгач) баасы 34 миӊ доллар, ошондо бир даана жыгач 600 доллар деп көрсөтүлгөн. 2 аттын жасалма тулкусу 14 миӊ евродон 28 миӊ евро, 1 отургуч 1,5 миӊ доллар деп айтылган.
Мамлекеттик тарых музейин жаңылоого келсек, Түркия кызматташтык жана өнүгүү агенттиги (ТИКА) 15 миллион долларга гранттык негизде 3 жылдын ичинде жаӊылап берери айтылып, ал иш 2016-жылы март айында башталган. Бирок музейдин сырты 4 миллиондон ашуун долларга жаӊыланган соӊ ТИКА менен келишим үзүлгөн. Кийин тарых музейин жаңылоого мамлекеттик казынадан 2017-2018-жылдары 1 миллиард 569 миллион 400 миӊ сом бөлүнүп, ишти аягына чыгаруу “СМУ-3” ЖЧКсына өткөрүлгөн. 2017-жылы аягына чыгат делген Мамлекеттик тарых музейин жаңылоо бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Тиешелүү ишти баштоо боюнча биринчи болуп өкмөт башчы Темир Сариев кол койгон, андан бери премьер-министрликте Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков болушту. Учурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бардык баш аламандыкка карабастан, жаңылоону аягына чыгаруу керектигин буга чейин билдирген.
Оңдоо иштерин жүргүзүүгө, музейге жабдуу сатып алуу боюнча келишимди түзүүнү тескеген деп президенттик аппарат, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги айтылган эле. Башкы прокуратура тергөө кызыкчылыгына шылтап кимдерге кайсы берене боюнча кылмыш иши козголгонун ачыктаган жок. Деген менен дал ушул мамлекеттик мекемелердин жооптуу кызмат адамдары бутада турат.
Акыркы жылдары сырттан келген жардам-гранттар жана алынган насыялар көбүнесе жолду оңдоо, энергетика тармагындагы объекттерди жаңылоо же музейди реконструкциялоо өңдүү иштерге коротулууда. Ишти аткаруучу да сырттан келип, берген насыяны айлык-акы, көрсөткөн кызмат акы катары кайра алып чыгып кетип жатышат. Бул долбоорлордо Кыргыз жарандары үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жаралса да, ал утурумдук гана болууда. Элдин моюнунда болсо, кар менен кошо эрип кетчү жолдор, анан олчойгон карыз калууда. Бийлик эң оболу мындай каражатты акча алып келүүчү иштерге, өндүрүшкө, завод жана фабрикаларды куруп, туруктуу жумуш орундарын түзүүгө жумшаса болбойбу?...