Бүгүн, 18-июлда Ош шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Шаар башчылыгына Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашовду сунуштаган. Талапкер буга чейин кыргыз тили боюнча сынактан өтүп, аймактык шайлоо комиссиясы жалгыз талапкер катары каттаган.
Сарыбашов 2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келет.
Ал эми шаарды 2014-жылдын январь айынан бери жетектеп келген Айтмамат Кадырбаев кызмат ордунан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.
Сарыбашовдун өмүр баяны
Сарыбашов Таалайбек Насирбекович 1971-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистигин аяктаган.
1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1989-жылы - Алай районундагы автобазада слесарь;
1991-2008-жылдары - сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи;
2008-жылы - Алай райондук кеңешинин депутаты;
2012-2015-жылдары - Алай райондук администрациясынын башчысы;
2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген.