Элдияр Сатаров жана Темирлан Бектурдиев грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун коло медалын тагынды

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз балбандары Элдияр Сатаров жана Темирлан Бектурдиев коло медалдарды тагынышты.

63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Элдияр Сатаров алгачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартып калган. Бирок анын атаандашы финалдык бөлүккө өткөнү үчүн Сатаров көңүл жубатуучу раундда күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда ал индиялык Манжэт Манжэтти утуп, коло медаль үчүн кытайлык Делин Ванг менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө Сатаров 8 упай топтоп жеңишке жетишти.

77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Темирлан Бектурдиев алгачкы беттешинде жеңилип калганы менен, коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн беттеште ал япониялык Шома Ямасаки менен күч сынашып, беттештин жыйынтыгында 2:1 эсеби менен жеңишке жетти.

Ошондой эле 55 жана 87 килограммга чейинки салмак ченинде Азамат Боронов жана Медер Абыкеев коло медалдарды жеңип алууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок Кыргыз балбандар коло байге үчүн беттеште жеңилип калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан