Ичинде 133 миллиард долларга жакын алтын бар делген "Дмитрий Донской" кемеси табылды

Түштүк Кореялык адистер мындан 113 жыл мурун чөгүп кеткен орусияга таандык "Дмитрий Донской" крейсерин таап алышты. Бул тууралуу япониялык маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматка ылайык, аталган крейсер Орус-Япон согушу учурунда 1904-1905-жылдары колдонулган. Кемени "Shinil Group" кеме куруучу корпорациясынын адистери табышкан. Крейсер Түштүк Кореяга таандык Уллындо аралына жакын жерден табылган.

"Биз кемени 434 метр тереңдиктен таптык. Кемеде "Дмитрий Донской" деген жазуу сакталып калыптыр" деп билдиришкен адистер.

Жакынкы күндөрү адистер кемени сактап калуу боюнча иштерин баштай тургандыгын кошумчалашкан.

"Дмитрий Донской" кемеси сууга 1883-жылы коё берилген. Согуштук кармаштан соң Владивостокко багыт алган, бирок Япон кемелери артынан жетип келип крейсерди курчоого алышкан. Душманга жеңилип берүүнү каалабаган экипаж мүчөсү аны чөктүрүп жиберүүнү чечкен.

Айтылып калган маалыматтарга караганда, аталган кемеде алтын тыйындар салынган бир нече сандык болгон. Азыркы тапта алардын баасы 133 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Дал ушул маалыматты кореялык адистер текшерүүнүн алдында турат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
keba300989
2018-07-18 09:48:54
Бай мамлекеттер байый берет экенда
+12
Batma.Sh
2018-07-18 09:52:34
Анан?
+2
Mirkgz-1990
2018-07-18 09:55:23
Ыссык колго келип чогуп кетпептир да карыздарды кутулуп...кайра карыз Берген мамлекетке айланмак экенбиз
+59
Kymbatym
2018-07-18 10:07:12
Корецтердин аймагынан табылыптыр эми кемеден алтын тыйындарды табышса орустарга беришпесе керек
+14
Elaigun1991
2018-07-18 10:20:53
Окендер талашат жок дегенде 40 , 50 % бересинер деп
+17
akyn
2018-07-18 11:26:25
Ыссык-колдон чыгып калса биздин атка минерлер аныда 133$ млрды 133 мин сомдук алтын таптык деп, сол чонтоко урмак! бизде только урмайларгоооо! !!!
+47
joke81kg
2018-07-18 12:20:34
akyn
0
omka100514
2018-07-18 12:59:28
akyn, 133 мин сомдук алтын бар экен деп айтса тузук десен, жон эле кеме экен деп коюштан да кайра тартышпайтго, акчаларын оздору болуп алышып
+22
Talgat89
2018-07-18 11:35:09
Мыйзамга ылайык ал орустарга таандык болуп калат. Корея тапкан акысына бир болугун алат бирок. 100у орустарга 33у Кореяга болсо деле норма болот го дейм.
+15
Chagylgan1
2018-07-18 13:39:49
Talgat89, 67/33 деп жазсан, 100% орустарга кетсе, кореецтерге 33% калмак беле?!!
-1
kyrgyzka7
2018-07-18 14:03:38
Chagylgan1,ал пайызын айткан жок окшойт,133миллиарддын 100н жана 33н айтыго деймин
+7
Chagylgan1
2018-07-18 14:35:35
kyrgyzka7, мен пайыздык корсоткуч деп тушунуп алыпмын. Мындайда обычно пайыздык корсоткучтор иштейт да, ошондон, буга мынча проценти калат, тигиге тукунчо пайызы отот табылганын дегендей....
-1
altyn7776
2018-07-18 18:09:15
Бироонун байлыгына аябай эле байып жатабыз го, ыя?Энебиз эгиз торогондой эле пландаштырып..Азыр бияка да Сапар менен АША кире калбасын...
+5
Azatbek.Svoboda.
2018-07-18 20:01:46
Русские не здаются деп бекеринен орустар азырга чейин айтып журушбөйбу.Крейсерди чөктуруп салышкан!Орустар барып өздөрү алышсын эми.
+2
Azatbek.Svoboda.
2018-07-19 00:22:59
Русские не сдаются!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан