Бишкекте өтүп жаткан футбол боюнча кыздар арасындагы эл аралык мелдеште Кыргыз курамасы Тажикстанды утуп алды

Кечээ, 17-июлда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыздар арасындагы эл аралык мелдеш старт алды. 2019-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна даярдык катары өткөрүлүп жаткан "Надежда" аттуу мелдеште Казакстан (U-17), Өзбекстан (U-16), Тажикстан (U-16) жана Кыргыз Республикасынын (U-16) жаштар курама командалары катышууда.

Мелдештин алгачкы күнү Казакстан (U-17) - Өзбекстан (U-16) жана Кыргыз Республикасы (U-16) - Тажикстан (U-16) беттештери өттү. Казакстан менен Өзбекстан курамаларынын беттеши 1:1 эсеби менен аяктаса, Кыргыз футбочулары атаандашын 1:0 эсеби менен утуп алышты.

Кыргыз Республикасы-Тажикстан беттешинин 52-мүнөтүндө Сатиней Акылбекова алмашууга чыгып, 10 мүнөттөн кийин гол киргизгенге үлгүрдү. Ал айып аянтчанын сыртынан таамай сокку узатып, дарбазачы топту тосуп алганга жетишпей калды. Беттештин жыйынтыгында Сатиней Акылбекова мыкты оюнчу аталды.

Мелдеш эртең, 19-июлда уланат, анда Өзбекстан-Тажикстан жана Кыргыз Республикасы-Казакстан беттештери орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kulatov
2018-07-18 09:51:43
Жигиттерибизге караганда кыздарыбыз күчтүү чыгыптыр го азаматтар ийгилик силерге
0
i1urp
2018-07-18 10:16:23
Азаматсынар кыздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан