Таалайбек Сарыбашов Оштун мэри болуп шайланды. Ал тууралуу кандай фактыларды билесиз?

Сарыбашов Таалайбек Насирбекович

Ал 1971-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистигин аяктаган. 1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу

Сарыбашов эмгек жолун 1989-жылы Алай районундагы автобазада слесарь болуп иштөө менен баштаган. 1991-2008-жылдары сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи болуп эмгектенген. Ал эми 2008-жылы Алай райондук кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2012-2015-жылдары Алай райондук администрациясынын башчысы болгон. 2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келет.

Сарыбашовдун иш тажрыйбасы боюнча сындар айтылган

Анын эмгек жолуна таянсак, ал кайсы бир жылдары базарда иштеген. Ошондуктан коомчулук арасында аны "базарком" деп сындагандар дагы бар. Сарыбашов өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болордун алдында анын иш тажрыйбасын дагы сындагандар болгон.

Сындагандардын катарында ошол кездеги депутат Өмүрбек Текебаев дагы болгон. Текебаев аталган кызматка республикалык деңгээлдеги кадыр-барктуу саясатчылар дайындалышы керектигин айткан. "Таалайбек Сарыбашов өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кантип дайындалган? Эгерде анын кызматтык тизмесине кайрылсак, ал 1989-жылы автослесарь болуп иштесе, 1991-1992-жылдары жашылча-жемиш комбинатында сатуучу болуп иштеген. 2005-жылга чейин эмне менен алектенгени белгисиз болсо, 2005-жылы Гүлчөдөгү жергиликтүү базардын директору болуп калат. Ал эми 2008-жылы эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин төрагасы болуп шайланса, 2012-жылы депутаттар жарыбаган айырмачылык менен аны Алай районунун акимдигине бекитишет. Анан кокусунан эле аны өткөн жылдын аягында Кыргыз Республикасындагы эң чоң облустун башчысы кылып дайындашат. Анын билими жөнүндө эч кандай маалымат жок. Ош облусунун губернатору болуп бир гана тажрыйбалуу адамдар эмес, ошондой эле республикалык деңгээлдеги кадыр-барктуу саясатчылар, мурдагы же келечектеги премьер-министрлер дайындалып келген: Султан Ибраимов, Үсөн Сыдыков, Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев жана башкалар", - деп Текебаев билдирген.

Сарыбашев өзү жогорудагы сындарга жооп кайтарып, тажрыйбасы бар экенин айрым маалымат каражаттарына билдирген.

Сарыбашовдун жогорку билими бар экени күмөн жараткан

Айрым маалымат каражаттары Сарыбашовдин Оштогу технологиялык колледжин аяктаганы боюнча диплому табылбай жатканын жазышкан. Ал эми Ош мамлекеттик юридикалык институтунун дипломун 9 жылда алганын дагы айтышкан.

Кол чатыр чуусу

Ош шаарында 2016-жылы июнь айларында өткөн эл аралык "Этномаданият" фестивалында жамгыр жаап жаткан учурда кол чатырын артындагы кишиге карматып отурган чиновниктердин сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланган. Анда Сарыбашовдун дагы сүрөтү жарыяланып, коомчулуктун сынына кабылган. Социалдык түйүндөрдө чиновниктерди шылдыңдоо максатында кол чатыр кармаган флешмоб дагы жайылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан