Бүгүн, 18-июлда Ош шаардык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов SUPER.KG порталына билдиргендей, жыйын саат 9:00дө башталды.
Жыйында депутаттар мэрди шайлашат. Шаар башчылыгына жалгыз гана талапкер бар. Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашовду сунуштаган.
Сарыбашов 2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келет.
Ош шаарын 2014-жылдын январь айынан бери жетектеп келген Айтмамат Кадырбаев кызмат ордунан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.