Эквадордо 500 миң розадан пирамида тургузулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, демилгечилер 500 миң розадан пирамида тургузуу менен аны "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүүнү көздөшүүдө. Бул өзгөчө курулуш Педро-Монкайколодо жасалган. Курулуштун негизин темир торлор түзөт. Дал ошол торго гүлдөр жайгаштырылган.
Пирамиданын жалпы аянты 1000 чарчы метрден ашат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, кантондун жашоочулары розаны 30 жылдан ашуун убакыттан бери өстүрүп келишет жана алар бул пирамида менен алардын гүлдөрү дүйнөдөгү эң мыкты гүлдөр экенин көргөзгүсү келип жаткандыгын белгилешкен.