
Японияда катуу ысыктан каза болгондордун саны 12ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, ысык аба ырайынын айынан 12 адам каза болуп, 10 миңден ашуун адам ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 18-июль күнү Гифу аймагында абанын температурасы 38,2 жеткен. Ал эми башка аймактарда абанын температурасы 36,8 градуска чейин көтөрүлгөн.
Айта кетсек, Япониянын түштүк-батыш тарабында июль айынын башында жаан-чачын көп жаап, суу ташкыны жана сел жүргөн. Суу ташкынынан каза болгондордун саны 200гө жетсе, ал эми дайынсыз жоголгон адамдардын саны 60тан
ашкан.