Перуда ымыркайга хорватиялык футболчу Лука Модричтин ысымы ыйгарылды

Перуда жаңы төрөлгөн ымыркайга ата-энеси Лука Модрич деген ысым ыйгарышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Перудагы Хаэн шаарынын тургундары Хорватия улуттук курама командасынын капитаны Лука Модричтин жараткан ийгиликтерине суктанып жаңы төрөлгөн уулуна анын ысымын ыйгарышкан. Ымыркай жарык дүйнөгө 12-июлда келген. Ал эми ата-эне Дүйнө чемпиондугу бүткүчө баласына ат коюшкан эмес. Качан гана Лука Модрич эң мыкты оюнчу аталганда алар да баласына ысым ыйгарышкан.
Айта кетсек, Орусия улуттук курама командасынын ийгиликтери да көз жаздымда калган эмес. Дүйнө чемпиондугу башталган июнь айында Орусияда 202 Артём жана 22 Игорь жарык дүйнөгө келген. Балдарга ысым Орусиянын улуттук курама командасынын оюнчусу Артём Дзюба жана дарбазачы Игорь Акинфеевдин атынан ыйгарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-BALA94
2018-07-19 06:40:17
жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан