Бүгүн, 18-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун 2-күнү орун алууда. Бул күнү балбандар 60, 67, 72, 82 жана 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.
Анда 67, 72 жана 82 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Калмурат Ибрагимов, Бексултан Назарбаев жана Азат Салидинов финалга өтүп, алтын медалдар үчүн күрөшсө, 60 жана 97 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Таластан Канжарбек уулу жана Данияр Шеримбеков коло медалдар үчүн күрөшөт.
Таластан Канжарбек уулу 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште түркмөнстандык Азатжон Ачиловду утуп алган. Канжарбек уулу чейрек финалда ирандык Али Реза Аятка жеңилип калганы үчүн көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алган. Анда Кыргыз балбаны тажикстандык Исломидин Мазитовду жеңип, эми коло медаль үчүн өзбекстандык Турабек Тиркашев менен күрөшөт.
97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Данияр Шеримбеков чейрек финалда өзбекстандык Тимурмирзо Мамажановго жеңилип калган. Мамажанов финалга өтүп, Кыргыз балбаны коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Анда Шеримбеков япониялык Акира Яманака менен күч сынашат.