Кыргызстандын Соттор кеңеши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Гүлайым Эркебаеваны кол тийбестик макамынан ажыратууга 27-июнда макулдук берди. Мындай сунуш менен Соттор кеңешине Баш прокуратура кайрылган. 2-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Гүлайым Эркебаева сот чечими үчүн 3 миң доллар пара алып жатканда кармалып, кылмыш иши козголгон болчу. Гүлайым Эркебаева белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, учурда Улуттук илимдер академиясын жетектеп турган Абдыганы Эркебаевдин кызы. Абдыганы Эркебаев буга чейин маалымат жыйынында кызы күнөөлүү эмес экенин айтып, кеп болуп жаткан 3 миң доллар акчага колу да тийбегенин айткан.