Келбеттүү 4 жигиттен турган "Жебе" тобунун ырчысы Минур сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен биринчи жолу сахнага чыкканда мынчалык толкунданган эмесмин. Сөз менен айтып жеткире алгыс сезимдер болуп жатат. Сүйлөшкөн кызым Жазгүл - Кара-Кулжанын периси. Кесиби боюнча котормочу. Андан тышкары сулуулук салонунда иштейт. Экөөбүз интернет аркылуу таанышканбыз. Бара-бара мамилебиз сүйүүгө айланды. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө билинбей эле 3 жыл болуп калыптыр. Бүгүн, 18-июлда колун сурадым. Мен бул күнгө бир ай мурун даярдангам. Баары ойдогудай болду. Буюрса, тоюбуз сентябрь айында болот", - дейт ырчы.
Минур Алтынбек уулу 1990-жылы 4-октябрда Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтун аяктаган. Жеке ырчы катары "Аттиң", "Биз экөөбүз", "Насаат ыры" деген чыгармаларын жаздырган.