Бүгүн, 18-июлда борбордогу тойканалардын биринде ырчы Арсен менен Бегайымдын үлпөт тою өттү. Тойго эки жаштын жакын туугандары, санаалаштары келишкен. Ал эми шоу-бизнес өкүлдөрүнөн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, белгилүү ырчылар Назми Байзакова, Нурлан Насип, Асел Кадырбекова жана башкалар келген. Мындан тышкары "тамашоучу", актёрлор дагы бүгүнкү ак тойдун коноктору болушту.
Үлпөт той адаттагыдан өзгөчө башталды. Тагыраагы, той эки жаштын ак бийи менен башталды. Арсен тойкананын үстүнкү кабатынан "Жаным" ырын ырдап түштү. Ал эми Бегайым бийчи кыздардын коштоосунда залга чыкты. Андан соң түгөйлөр ак бийге түштү. Андан кийин эстрада ырчылары ырдап, бийлеп эки жашты куттуктап жатышты.
Тойдун дагы бир өзгөчөлүгү - түгөйлөр никесин мыйзамдаштыруу аземин тойкананын короосуна чыгып өткөрүштү.