Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу: Мелдештин 2-күнү балбандар 3 күмүш жана 1 коло медаль утуп алышты

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун 2-күнү Кыргыз балбандар 3 күмүш жана 1 коло медаль утушту. 18-июль күнү балбандар 60, 67, 72, 82 жана 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Калмурат Ибрагимов финалда казакстандык Мерей Бекеновдон жеңилип калды. 72 килограммга чейинки салмак ченинде Бексултан Назарбаев финалда ирандык балбан Амир Явандан утулуп калса, 82 килограммга чейинки салмак ченинин финалында Азат Салидинов ирандык Хусейн Жаханбакшка жеңилип калды. Муну менен Кыргыз балбандар күмүш медалды тагынышты.

Ал эми 97 килограммга чейинки салмак ченинде Данияр Шеримбеков коло медаль үчүн япониялык Акира Яманаканы утуп алды.

Бул жыйынтык менен грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курамасынын капчыгына жалпы 3 күмүш жана 3 коло медаль чогулду.

Эске салсак, мелдештин алгачкы күнү Элдияр Сатаров жана Темирлан Бектурдиев коло медалдарды тагынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан