Мушкер Валентина Шевченко 3-жолу UFC'нин чемпиондук куру үчүн беттеш өткөрөт

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмундагы жеңил салмак категорияда чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрөт.

Валентина Шевченко 2018-жылдын башында 56 килограммга чейинки салмак категориясына өтүп, алгачкы беттешинде Присцилла Качоейраны утуп алган. Андан соң Шевченко дароо эле жеңил салмак ченинде 1-орунга көтөрүлгөн.

Эми UFC уюму Валентина Шевченкого жеңиш салмак ченинин чемпиондук куру үчүн беттеш өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Анда Шевченко 8-сентябрь күнү АКШнын Даллас шаарында "UFC 228" мелдешинин алкагында Никко Монтано менен беттешмекчи.

Эске салсак, буга чейин Шевченко 61 килограммга чейинки салмак ченинде беттешип жүрүп, 5 беттештин ичинен 2 жолу жеңилүү ызасын тартып калган. Ал 2 жолу тең чемпиондук кур үчүн орун алган беттеште Аманда Нуньеске утулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2018-07-19 06:42:27
Кыздардан Валентина, балдардардан Бусурманкул кереметтуу Кыргызстаныбыздын атынан UFCнин курун аласынар буйруса.


0
Jin1209
2018-07-19 21:01:34
Жениш кутобуз кур алат буюрса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан